• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Укук кербенинин” сапары Нарын облусунун Ат-Башы районунда уланды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын залында жергиликтүү активдер, мамлекеттик мекеме жетекчилери жана жашоочулар менен жолукту. Бул тууларуу Акыйкатчынын катчылыгынан билдиришти.

Жолугушууда Акыйкатчынын “Укук кербенинин” максаты жана милдеттери, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо КР Акыйкатчысы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин багыттары тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууга келген жарандар учурда райондун аймагында орун алган миграция, жөлөкпул, жер талаш, үй талаш маселелери, ата-энелердин уруксаты жок жаш балдарды эмгекке тартуу маселелери боюнча суроолор менен кайрылышты.

Мисалы, Ак-Моюн айылынын тургуну мектеп окуучуларын биринчиден ата- энесинин уруксаты жок, экинчиден, окуу процессин үзгүлтүккө учуратып, картошка терүүгө жергиликтүү жаран тартып жатканын, ошол эле жарандын мектепке жакын дүкөнүнөн окуучуларга тамеки, насвай эч жолтоосуз сатылып жатканын айтып нааразы болду.

Ал эми дагы бир тургун майып балдардын энелерине баласы 18 жаштан ашкандан кийин мамлекет тарабынан төлөмдөр токтотулат. Бирок, ал майып балдар 18 жаштан кийин айыгып кетпейт, андан кийин деле кароого муктаж. Майып баланы караганы үчүн өмүрүнүн аягына чейин акы төлөө маселесин көтөрүп берүүнү суранды. Мындан тышкары жеке кайрылуулар болуп, аларга консультация берилди.

Жыйындан кийин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жана райондук төрөт үйүнө мониторинг жүргүзүлдү. “Укук кербенинин” катышуучулары барган учурда УКЖ кармалган адамдар жок. Камералар таза. Кармалуучулар үчүн шарттар түзүлгөнү анык болду. Ошондой эле төрөт үйү да таза, ремонттолгон. Керектелүүчү дары-дармектер менен камсыздалган.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий