• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Укук коргоо орган кызматкерлеринин маянасын 40% чейин жогорулатуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Укук коргоо орган кызматкерлеринин айлык акысын 20дан 40% чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда тиешелүү мыйзам долбоору даярдалган жана Жогорку Кеңеште каралууда.

“Укук коргоо органдарына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, ИИМ жана Мамлекеттик бажы кызматы кирет”, - деди ал.

Мыйзам долбоору ИИМдин биринчи окуусунан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий