• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Укук коргоо органдары Бабакуловдун макаласына баа берүүгө тийиш – Б.Сулейманов

Коом 0

Бишкек, 31-май /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Укук коргоо органдары Улугбек Бабакуловдун макаласын карап чыгып, эмненин алдында ал мындай билдирүүлөрдү жасап жаткандыгына баа берүүлөрү керек. Мындай пикирин “Фергана” сайтындагы Улугбек Бабакуловдун макаласы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов билдирди.

“Ал эмне, улуттар аралык чатак чыгарууну каалап жатабы? Биз мындай аракеттердин тамырын кыркып, коомчулукка ал мындай билдирүүлөрдү негизсиз жасагандыгын жеткирүүгө тийишпиз. Бул кандайча? Бизде коомдук кырдаал жаңыдан турукташып келе жатат, баардыгы жакшы, улуттар аралык ынтымакта, бул багытта тынч турат. Ал мындай билдирүүлөрдү кантип жасады? Бул анын радикалдык-улуттук маанайыбы? Менимче, укук коргоо органдары бул макаланы карап чыгып, баа берүүлөгө тийиш. Мындай билдирүүлөр эч болбошу керек”, - деди ал нааразыланган депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, улуттар аралык биримдик маселесине белгисиз колдонуучулардын комментарийлеринин негизиндеги кескин билдирүүлөрдү жасабай, кылдаттык менен көңүл буруу керек.

“Ал алгач тактап алышы керек эле. Мындай кылганга болбойт. Анда кимдир бирөө талкууда бир нерсе деп жазып койгону, анын мындай билдирүү жасашына тиешеси жок. Жада калса, кимдир бирөө мындайды жазып койгон болсо да, ал бул билдирүүлөрдү жасабашы керек. Мыйзам бар, укук коргоо органдары бар, ошолор бул багытта териштирип, ким эмне дегенин аныктасын”, - деп түшүндүрдү депутат.

Б.Сулейманов ошондой эле, Кыргызстанда улуттар аралык кырдаал туруктуу экендигин белгиледи.

“Бизде этностор аралык абал туруктуу. Мен соңку кездерде улуттар аралык араздашуунун эч кандай белгилерин көргөн жокмун. Албетте, бул көңүл бурууну талап кылган маселе жана биз этият болушубуз керек. Бир нерсени бир жерден казып келип эле, жарыялай бергенде болбойт да. Бирөө бир нерсе деп койгон бардык жерде болот. Бирок бул мындай билдирүүлөрдү жасаганга негиз болуп саналбайт”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

“Анын үстүнө Кыргызстанда көп улут жашайт. Биз бир үй-бүлө, бир элбиз. Ал кантип мындай деди? Эмненин алдында мындай билдирүүлөрдү жасап жатат? Бул маселеге мындай мамиле кылууга эч болбойт. Анын үстүнө ал комментарийлерди контексттен бөлүп алган”, - деп жыйынтыктады Бахадыр Сулейманов.

Эскерте кетсек, “Фергана” маалыматтык порталында Улугбек Бабакуловдун Кыргызстандын социалдык тармактарында колдонуучулар өзбектердин катыгын берүүгө чакырып жатканы тууралуу макаласы чыккан. Анда Бабакулов “Фейсбуктун” белгисиз колдонуучуларынын ар кандай мезгилде жазылган бир нече комментарийин келтирген. Комментарийлер берилген материалдардын өзүн автор көрсөткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий