• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Укук коргоо органдары жаӊы вагондорду сатып алуу боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшериши керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы апрель айында эле 150 жаӊы вагон сатып алууга тендер өткөргөн. Казакстандын бир компаниясы жеӊип алыптыр. Ошондон бери же вагон жок, же ага жумшалган 8 млн доллар каражат жок. Өкмөт бул маселе боюнча маалымат берип, тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз ошондо эле тендердин туура эмес өткөрүлгөнүн айтканбыз. Компания төмөн бааны сунуштаптыр. Тендерге россиялык «Уралвагонзавод» да катышкан, бирок казакстандык компания жеӊүүчү деп табылыптыр. Укук коргоо органдары тендердин мыйзамдуулугун текшериши керек», - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров бул маселени мындан жарым жыл мурда эле көтөргөнүнө карабастан, ушул кезге чейин бир да вагон келбегенин белгиледи. Ал Өкмөт тарабынан ыкчам чаралар көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий