• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Укук коргоо органдарынын кайсы функциялары ЭКККМКга өткөн?

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Жүргүзүлгөн реформалардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кайсы функцияларды аткарарын “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЭКККМКнын штабынын жетекчиси Азамат Мамбетов айтып берди.

- Прокуратура органдарынан - жарандык органдардагы кызматтык жана коррупциялык иштер боюнча тергөө функциялары (жогорку кызматтагы адамдардан тышкары)

- Улуттук коопсуздук органдарынан – экономикалык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу;

- Ички иштер органдарынан – кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу маселелери;

- Бажы органдарынан – Бажыдагы бардык тергөө функциялары.

Буга байланыштуу ЭКККМКнын органына кошумча 76 штаттык бирдик кошулуп, кийинчирээк өкмөттүн чечими менен штат 20га кыскарган.

Мамбетов бир катар жаңы мыйзамдар, кодекстер кабыл алынганын, аларды пайдалануу жана таратуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жаңы кодекстер электрондук каттоонун негизинде иштейт. Тагыраак айтканда, бардык бузуулар кылмыштардын бирдиктүү реестринде жана бирдиктүү бузуулар реестринде катталат.

“Учурда техникалык база жаңыланып, кызматкерлер алар менен иштөө боюнча билим алышууда. Кийинчирээк мунун баары “Түндүк” системасында бардык укук коргоо органдарынын жумушуна негиз болуп берет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий