• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акча төлөнөбү? Оштун комендантынын жообу

Аймак 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акча төлөө боюнча Ички иштер министрлигинин каржы башкы башкармалыгы Финансы министрлиги менен иш алып барууда. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, бул меселе мамлекет тарабынан көзөмөлсүз калбайт.

"Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган. Алардын күнүмдүк тамагын камсыздап туруу үчүн 130 сомго чейин акча бөлүнүп турат. Ал эми кошумча акча маселеси боюнча Ички иштер минисрлигинин каржы башкы башкармалыгы Финансы министрлиги менен жумуш алып барып жатат. Бул иштин мыйзамдуу жактарын карап жатат", - дейт ал.

Нурдинов белгилегендей, элдин коопсуздугу жана саламаттыгы биринчи орунда турушу керек.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий