• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлери коррупцияга аралашуусуна жол бербеш керек - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин ишмердигинин негизги багыттары жана учурдагы маселелери жана ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-жылга карата иш планы, коопсуздук жаатында артыкчылыктуу багыттар жөнүндө маалымат берди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти КР Конституциясына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү системасын кайра куруу жана жаңы антикоррупциялык механизмдерди киргизүү негизги милдет экенин белгиледи. Буга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысына алдыда өтө турган коррупцияга каршы күрөш маселеси боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынына байланыштуу бардык даярдык иш-чараларын кылдат иштеп чыгып, кыска аралыкта бүтүрүү тапшырмасы берилди.

“Албетте, жакын арада эң маанилүү маселе – бул укук коргоо органдары жана сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу. Укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлери коррупциялык ишмердикке аралашуусуна жол бербеш керек. Бул мамлекеттик бийликтин коомчулук алдындагы кадыр-баркына, мыйзамдын үстөмдүгү принциптерине доо кетирип, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүштөрдү артка тартып турат. Укук коргоо органдарынын системасын коррупциясыз кыла турган механизмдерди иштеп чыгып, ишке киргизиш керек”, - деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы мамлекеттин коопсуздук саясатын жакшыртууну, улуттук коопсуздуктун тышкы жана ички коркунучтарын жокко чыгаруу максатында бардык мамлекеттик институттардын бирдиктүү аракеттенишүүсүн камсыздоону улантуу керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун баалап турууну “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү керектигине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий