• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Укук коргоочулар Өзбекстанга келген Германиянын президентине кайрылышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайерден Өзбекстандагы демократиялык жараяндарды тездетүү үчүн Шавкат Мирзиёевге таасир этүүгө чакырды.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Өзбекстанга расмий сапар менен келген.

Президенттер саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, каржы-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү келечектерин талкуулашат.

Гремания өлкө башчысы Хорезм облусуна барып, Ургенч мамалекеттик университетинин студенттери, окутуучулары менен жолугат, Хиванын тарыхый жайлары менен таанышат. Сапар соңунда экономика, каржы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келишимдерге кол коюлат.

Укук коргоочулар алдыга жылыштар болгону менен Өзбекстан өкмөтү мурдагыдай эле авторитардык бойдон калды деп эсептешет. Коопсуздук кызматтарынын укуктары кеңири, ыгы жок камоолор, кыйноолор тууралуу маалыматтар дайыма түшүп турат.

Пикир

Оставить комментарий