• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Укуктук кызматташтык боюнча кыргыз-америка мамилелерин бекемдөө маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында АКШнын Башкы прокурорунун жардамчысынын орун басары, Эл аралык маселелер боюнча кеңешчи Брюс Шварц менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги талкууланды.

"Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдердин бөлүгүн кайтарууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн министр америкалык тарапка ыраазычылык билдирди жана бул кадам коррупцияга каршы күрөшүүдө эки демократиялык өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жакшы үлгүсү болуп саналаарын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен АКШнын ортосундагы укуктук кызматташуу боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөө маселелерин да талкуулашкан. Ага байланыштуу Б.Шварц эки тараптуу күн тартибинде орун алган маселелер боюнча ишти жигердештирүүгө америкалык тараптын даярдыгын жана колдоосун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий