• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Улакчы Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду. Баштапкы баа 2 миң сом

Спорт 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген.

"Көк Бөрү" федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында айтылгандай, аукциондон түшкөн каражат май айында көк бөрү оюнунда кырсыктаган улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалат. Ал көптөгөн кымбат процедуралардан өтүп жаткандыктан көп каражат керектелип жатат.

Аукциондун шарттары:

1. Аукционго 18 жаштан өйдөдөгүлөр катыша алат, жеке өздүк, аккаунттар гана катышууга укуктуу;
2. Ар бир кадам сунуштоо 100 сомдон өйдө болушу керек; Комментарийлерди окуп чыгып анан сунуш бериңиз. Сунуштаган сумма толук жазылышы керек (мисалы: 25 000 сом);
3. Тамашалап, же болбосо жооп бербегендер бүт көк бөрү баракчаларында кара тизмеге киргизилет;
4. Сунуштамаларды комментарийлерде берүүгө болот;
5. Сунуштама берген адам менен федерация өзү байланышат (Акыбаева Айжан @aijan_akybaeva же Сыргакова Альбина @syrgakova.albina).

Аукцион 19-январь саат 21:00дө жыйынтыкталат. Азырынча улакчынын формасына сунушталган баа 40 миң 500 сомго көтөрүлдү. Түшкөн каражатты улакчы Манас Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Пикир

Оставить комментарий