• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улан Айтбаев Бишкек ШИИББнин криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Улан Айтбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгон.

Өмүр баяны

Айтбаев Улан Кубанычбекович 1982-жылы Ысык-Көл облусунда туулган.

КР Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган. Ички иштер бөлүмүндө өзүнүн кызматын 1996-жылы Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган.

Андан сырткары ички иштер системасында ар кандай жетектөөчү кызматтарды ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий