• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Улан Даникеев: “2016-жылы бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 10,5 млрд сомго товар сатып алышкан”

Экономика 0


Бишкек, 21-февраль /Кабар/. 2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 10,5 млрд сомго товар сатып алышкан. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы мамсатып алуулар порталында өткөрүлгөн сынактардын жарымынан көбүн – 55,5%ын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер өткөргөн. Алардын жылдык сатып алуу планы 21 млрд 721 млн 781 миң сом суммасына түзүлгөн, бирок 24 миң 496 сынакты өткөрүүдө мамлекеттик сатып алуулардын фактылык суммасы 18 млрд 812 млн 436 миң сомду түздү. Муну менен бирге республикалык бюджеттин каражатын үнөмдөөнүн суммасы 2 млрд 909 млн 345 миң сомду түздү.

“2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан 10 млрд 596 млн сомго товарлар сатылып алынган, кызмат көрсөтүүгө 1 млрд 345 млн сом, иш 6 млрд 868 млн сомго жана 3 млн 689 миң сомго консультациялык кызматтар көрсөтүлгөн”, -деди У.Даникеев.

Ал белгилегендей, 2015-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда 2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн сынактардын саны 18 миң 999га өскөн, мамлекеттик сатып алуулардын фактылык суммасы 8 млрд 795 млн сомго азайган, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн сумма 961,4 млн сомго азайган.

Ошондой эле, департаменттин башчысы бардык мекемелерге тендер жүргүзүүдө келишимди туура түшүнүп, кийин даттануулар жана нааразычылыктар болбой тургандай өздөрүнүн калоосун так түзүүгө кеңеш берди. “Эмнеге буйрутма берсең, ошону аласың”,-деп белгиледи ал.


Пикир

Оставить комментарий