• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Улан Эгизбаев «Эрдик» медалы менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Соронбай Жээнбеков «Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) "Эрдик“ медалы менен сыйлоо» жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Эске салсак, журналист Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө жубайы менен эс алып жүргөндө көлгө чөгүп каза болгон. Ал 28 жашта эле.

Пикир

Оставить комментарий