• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улан Ниязбеков: Биздин негизги милдет - элге сапаттуу сервистик кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана элдин турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук кылмыштарына бөгөт коюу багытында аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Министр Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи. Бүгүнкү аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен төрт багыттан турган тапшырмалар коюлду:

- коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган жагдайларга, криминалдык жагдайларга анализ мониторинг жүргүзүп, келип чыгуучу бардык учурларга жеринде бөгөт коюу иштери жүргүзүлсүн;

Азыркы учурда орун алган социалдык-экономикалык кырдаалдан улам, өз кызыкчылыгы үчүн элдин башын айлантып, такталбаган маалыматтарды социалдык тармактары аркылуу таратып, коомчулуктун тынчын алган чагымчыл учурларга бөгөт коюу иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн.

Анык эмес маалыматтарды элге таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган жарандарга карата мыйзам чегинде катуу чара көрүү маселеси колго алынсын;

- элдин турмуш-тиричилигине өз кедергисин тийгизип, анын жыйынтыгы менен нааразычылыктарды алып келе турган уурулук кылмыштарына карата бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Кылмыштуулукту алдын алуу үчүн атайын пропагандалык маанидеги иш-чараларды алып баруу боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн.

Ушул жылдын аягына чейин уурулук кылмыштарын кескин түрдө төмөндөтүү, мурда катталган кылмыштардын бетин ачуу, кызматкерлердин иштөөсүнө шарттарды түзүү, заманбап технологиянын жана видео-камералардын жардамы менен элге зыян алып келген учурларга бөгөт коюу боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Башкы Штаб менен бирге “Ички иштер министрлигинин атайын программасын” иштеп чыгышып жана тез арада ишке киргизишсин. Программанын негизги максаты – коомго зыян алып келген кылмыштарга бөгөт коюу жана элди кылмыштуу кол салуулардан натыйжалуу коргоо болуп эсептелсин;

- “Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы, андан сырткары жол кырсыктарын болтурбоо жана санын азайтуу, чек-ара аймактарында кайгуул иштерин улантуу, азык-түлүк товарларын аткезчилик жолу менен сыртка чыгарып кетүүгө бөгөт коюу, көчөлөрдө, коомдук жайларда кылмыштарды, укук бузууларды болтурбоо үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча “Милициянын көчмө кабылдамалары”, “Кайгуул топтору”, “Жол кыймылынын коопсуздугу посттору”, “Чек ара аймактарындагы кайгуулдар” күнү-түнү иш алып баруусу улантылсын;

- ар бир жетекчи өзү тейлеген аймакта катталган кылмыштарга, окуяларга карата мониторинг иштерин алып барып, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш-чаралар аткарылсын. Биринчи чейректи ийгиликтүү жыйынтыктоо боюнча уюштуруу чараларын көрүп, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.

Андан тышкары, алдыда келе жаткан туристтик сезонго карата элге сервистик тейлөө көрсөтүүнү ишке ашыруу максатында коомдук коопсуздук даярдыктары көрүлсүн. Анын ичинде, күч-каражаттарды туура бөлүштүрүү, участкалык инспекторлорду кызматтык кийимдер жана заманбап санарип жабдыктар менен камсыздоо, коомдук жайларга видео-камераларды орнотуу, жол коопсуздугунун коркунучтарын алдын алуу жана башка бардык келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөр алдын ала жеринде чечилсин.

“Элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын ала даярдык көрбөгөн жетекчилерге карата катуу тартиптик чаралар көрүлө тургандыгын эскертем. Кандай гана учур болбосун ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоого дайыма даяр болушу керек. Элдин коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жаңы санарип ыкмалар менен коомчулуктун тынч жашоосуна шарт түзүү - биздин мойнубузга жүктөлгөн милдет. Ал милдетти милиция формасын кийген ар бир кызматкер татыктуу аткарышы керек.

Алдыда дагы көптөгөн иштер турат. Ал иштердин бардыгы жарандарыбыздын коопсуз өлкөдө жашоосуна шарт түзүүгө багытталгандыгын билдирем”,- деди Улан Ниязбеков онлайн жыйынды жыйынтыктап жатып.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий