• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ниязбеков Чехиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрда Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Чех Республикасынын Полициясынын жетекчиси Ян Сейдер менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда, Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.

Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигинин жетекчиси азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо
жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Буга байланыштуу, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Чех Полициясынын жетекчиси Ян Сейдер, кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий