• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-мартта коомдук коопсуздукту камсыздоодо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюу, уурулук, анын ичинде мал уурулугуна каршы күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, кеңешмеге ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыштарынын жана жоруктарынын бардык фактыларын сапаттуу жана мыйзам чегинде акыйкат иликтөөгө, жергиликтүү бийлик органдары, социалдык кызматкерлер менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюну үзгүлтүксүз жүргүзүү керектигин белгиледи.

Министр аталган багытта милициянын көчмө кабылдамалары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөрү, алдын алуу борборундагы жаштар, аялдар кеңештери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын күчөтүүнү талап кылды.

2021-жылдын январь айында ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча аналитикалык отчетунун негизинде, 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Зомбулук жасаган адамдарга карата 632 убактылуу коргоо ордерлери берилген.

Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө уурулук кылмыштары, анын ичинде мал уурулук кылмыштарына бөгөт коюу максатында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте комплекстүү иш-чараларды колго алууну, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Республикаларынын ИИМдери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачуу жана уурдалып кеткен малдардын артка кайтарып алуу багытындагы иштерди күчөтүүнү да талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий