• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ниязбеков ИИО жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков президенттин үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү, үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө жарлыгынын аткарылышы, алдамчылык кылмыштарын болтурбоо жанан алардын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер, “Нооруз” майрамына карата коомдук коопсуздук чараларынын аткарылышы тууралуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартиптин сакталышы багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи. Жогорудагылардын негизинде, төрт багыттан турган “Нускамалык тапшырмалар” коюлду.

Биринчи нускама: Коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна жана ага терс таасир берүүчү бардык жагдайларга терең талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, ар түрдүү нааразычылыктар, коомчулукту бөлүп-жарууга, такталбаган маалыматтарды таратууга, чагымчыл аракеттерге жол берилбесин. Чек-ара аймактарына жакын жашаган элдин коопсуздугу камсыздалып, ар кандай чыр-чатактар алдын алуу колго алынсын.

Экинчи нускама: Ар түрдүү жолдор менен элди алдап, мыйзамдан кутулуп кетем дегендер болбошу керек. Ар бир алдамчылык фактысы боюнча биринчи жетекчилер жеке көзмөлгө алып, күнүгө мониторинг жүргүзүп, алдамчылардан жабыр тарткан жарандарды кабыл алып, маселесин угуп, мыйзам чегинде иштер уюштуруңуздар. Бир дагы жаран алдамчылардын торуна түшпөшү керек. Оңой жол менен үйлүү болосуң, участок алып берем же акчаңды көбөйтүп берем деген ар түрдүү пирамида, кооператив же адамдардын жасалма уюшкан топторуна ишенбей, мыйзам чегинде укуктук нормалардын алкагында иш алып баруусу элге кеңири түшүндүрүлсүн. Алдамчылыкты алдын алуу боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу видео-роликтерди чагылдырып, элдин жашоо шартына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон учурларга бөгөт коюлсун.Мыйзамдуу деп таанылган мамлекеттик банктар, ипотекалык компаниялар менен гана иш жүргүзүү туура боло тургандыгы элге жеткирилсин.

Үчүнчү нускама: “Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы боюнча күн сайын элге жолугуу, түшүндүрүү иштери улантылсын.Жер-жердеги “Милициянын көчмө кабылдамаларын” колдонуу менен, жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, имамдар, кадыр-барктуу аксакалдар, активдүү жаштардын катышуусунда ысырапкерчиликти алдын алуу жана жол бербөө боюнча так маалыматтар элге жеткирилсин.Жарлыкты ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин бир тартипте жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан - атайын нускамалар иштелип, тапшырмалар коюлуп жер-жердеги кызматкерлердин ар биринде болсун.

Төртүнчү нускама: “Нооруз” майрамына карата коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын ишке ашыруу жөнүндө буйрукка кол койулду. Буйруктун алкагында элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, жол коопсуздугун сактоо, коомдук жайларда одоно тартип жана укук бузууларды болтурбоо багытында иштер күчөтүлсүн. Майрамдык салтанаттар болуп өтүүчү аймактарга күч-каражаттар туура бөлүштүрүлсүн. Эл көп чогулган аймактарда кайгуул иштери уюштурулсун. Өз-ара мушташуу, чөнтөк уурулук, жаш өспүрүмдөрдүн жоголуп кетүүсү, мал уурулук, чагымчыл чакырыктарга үндөө сыяктуу элге жат көрүнгөн фактыларды алдын алуу багытында иштер алып барылсын. Бир дагы кызматкер элге оройлонуп, жүктөлгөн милдеттерден четтеп кетүүсү болтурулбасын. Баардык кызматкерлердин формалык кийими таза жана тыкан болсун. Элге сылык мамиле жасап, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү иштери аткарылсын.Кайсы гана жаран болбосун, анын улутуна, ээлеген кызматына же социалдык абалына карабастан ошол жерден жардам көрсөтүлүп, укугу тиешелүү деңгээлде корголуусу көзөмөлгө алынсын.

"Нускамалык-тапшырмаларды так аткарып, жүктөлгөн милдеттердин өтөөсүнө чыгуу керек. Азыркы учур – элдин коопсуздугун камсыздоону түптөп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө заманбап шарттарды түзүүнүн учуру деп белгилеймин. Коомдук жайларда маданиятты, адеп-ахлакты, жалпыга бирдей болгон жарандык нормаларды орнотууга карата координалдуу иштерди жүргүзүү керектигин белгилеймин. Ар бир милиция кызматкери элге ачык болуп, жарандарга, коомго ак-ниет кызмат өтөгөнгө милдеттүүмүн, деген ой – ар бир кызматкердин жүрөгүндө болушу керек", - деди Улан Ниязбеков онлайн чогулушту жыйынтыктап жатып.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий