• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Улан Ниязбеков Кореянын Полиция улуттук агентствосунун генералдык комиссары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун Корея Республикасынын Полиция улуттук агентствосунун генералдык комиссары Ким Чанг Ёнг менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында өткөн.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков Ким Чанг Ёнгду Корея Полициясынын улуттук агентствосунун түзүлгөндүгүнүн 76 жылдык мааракеси менен куттуктап, Кыргызстан менен көп багыттар боюнча кызматташтыктын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгиледи. Ошону менен бирге, Кыргыз Респуликасынын Ички иштер министрлиги Корея полициясынын кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап инновациялык ыкмалар жана технологияларды колдонушуна чоң кызыкчылыктар менен байкоо жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

Мындан сырткары, Улан Ниязбеков Корея Полициясынын улуттук агентствосу менен мындан ары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча даярдыгын белгилеп, бул багытта өз ара кызматташтык Меморандумун түзүүнү сунуштады. Бул документ, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Корея Республикасынын Полициясынын кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын укуктук негизи болоорун белгиледи.

Өз кезегинде, Корея Республикасынын Полиция улуттук агентствосунун генералдык комиссары Кин Чанг Ёнг кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улан Ниязбеков кореялык кесиптештерин Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ден соолукту чыңдоо мекемелерине келип кетүүгө чакырды.

Аталган жолугушууда ИИМдин Маалыматтар технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги С. Ниязбеков, Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги С. Рахманов жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Н. Жангабылов катышты.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий