• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ниязбеков: Бир дагы кызматкер шайлоонун жүрүшүнө жана саясатка аралашпасын

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларына көңүл буруп, ички иштер министрлиги алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирди.

“Өлкөбүздүн туруктуулугу, ар бир жарандын коопсуз жашоосу жана эртеңки күнгө ишеними баарынан жогору турат. Шайлоо иш-чарасы болобу же коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болобу, ички иштер органдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана аткарып, саясаттан алыс болууга тийиш. Мамлекеттик органдар, анын ичинде ички иштер органдары жаңы кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык бүткүл коомго кызмат кылууга милдеттүү.

Андыктан, адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди күчөтүшүбүз керек. Дүйнө жүзүндө доорун сүрүп турган санариптештирүү тутуму мүнөт сайын жаңыланып, күн сайын жаңы багыттар боюнча алдыга карай жылууда. Санарипти өркүндөтүүгө, алдын алуу иштерин күчөтүүгө, коомдо укуктук адепти жогорулатуу менен элдин коопсуз жашоосун камсыздоого ар бир жетекчи жооптуу”,- деп Улан Ниязбеков баса белгиледи.

Ал ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында аймактарга, райондор менен айылдарды бириктирген унаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видео-камераларды орнотууга жетишүү керектигин тапшырды.

"Элге кызмат кылып, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүп, коомчулуктун арасында пайда болгон ар түрдүү жашоо-тиричилик көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү бул – учурдун талабы. Коопсуз өлкөнү жаратууга арналган аракеттердин өтөөсүнө чыгып,
ишмердигибиз жакынкы келечекте өз жемишин берип жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген чоң үмүт ар бир кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Ал үчүн жетекчиден баштап, катардагы кызматкерге чейин чарчап-чаалыкпастан
өз милдеттерин татыктуу аткарууга тийишпиз”, - деди ИИМ башчысы.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр кызматтардын алдына бир катар тапшырмаларды койду:
- Борбордук шайлоо комиссиясына, жер-жердеги аймактык шайлоо комиссияларына мыйзам чегинде жана ички иштер органдарынын ыйгарымынын чегинде көмөк көрсөтүлсүн;
- Бир дагы кызматкер шайлоонун жүрүшүнө жана саясатка аралашпасын. Шайлоого аралашуу фактылары аныктала турган болсо жетекчи болобу же катардагы кызматкер болобу катуу тартиптик жаза колдонула тургандыгы бардык кызматкерлерге жеткирилсин;
- “Милициянын көчмө кабылдамалары” өз ишмердигин улантып, коомчулуктун көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сервистик тейлөөлөр күчөтүлсүн;
- Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулуучу аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлсүн;

- Жардам сурап кайрылган жарандардын чакырууларына ыкчам баруу, кылмыштар менен жоруктардын изин суутпай бетин ачуу иштери колго алынсын.

Эскерте кетсек, онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий