• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улан Ниязбеков Сауд Аравия Падышачылыгынын элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим аль Ради менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков элчини кызматка дайындалышы менен жылуу куттуктап, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сизди КР Ички иштер министрлигинин имаратында тосуп жатканыбызга кубанычтабыз. Сиздин жогорку кызматка - Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалгандыгыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз», - деди Улан Ниязбеков.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Падышачылыгынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк глобалдаштыруу адамзаттын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү менен бирге эле тилеке каршы кылмыш дүйнөсүндө да технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүгүүсүнө алып келүүдө. Ошондуктан, башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргелешкен иштерди жүргүзүү биздин Министрликтин негизги багыттарынын бири. Өзгөчө, Сауд Аравия Падышачылыгынын Ички иштер министрлиги менен кылмыштуулуктун алдын алуу, каршы күрөшүүдөгү алдынкы тажрыйбаларын үйрөнүү, алдынкы жетишкен технологияларды колдонууда жана коопсуздук тармагында кадрларды даярдоодо өнөктөштүк мамиле түзүү биз үчүн өтө маанилүү», - деди ИИМ жетекчиси.

Өз кезегинде, элчи Ибрахим аль Ради эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, мындан ары укук коргоо жаатында кызматташууга Сауд Араб Падышачылыгынын Ички иштер министрлиги менен байланыш көпүрө болуп берүүгө даярдыгын айтып, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр жолугушууну жыйынтыктап жатып, Ички иштер министрлиги Сауд Аравия Падышачылыгынын укук коргоо органдары менен эки тараптуу кызматташууга өзгөчө маани берип, эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Маалыматта жолугушуу жылуу достук маанайда өткөндүгү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий