• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улан Ниязбеков түрк полициясынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-апрелинде КР ички иштер министри Улан Ниязбеков түрк полициясынын Жандармериясынын башкы командачылыгынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин делегациясына учурдагы түрк полициясынын карамагындагы материалдык-техникалык жабдууларды көрсөтүштү.

Полициянын атайын техникасынын негизги түрүнөн тышкары, ички күйүүчү кыймылдаткычы жана түртүүчү типтеги аба бурамасы бар түркиялык ыкчам-тактикалык орто салмактагы “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле Аба күчтөрү коомдук тартипти камсыздоодо колдонулган тик учактар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, ИИМдин өкүлдөрү Жандармерия башкы командачылыгынын криминалдык департаментинин дирекциясынын криминалистикалык лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу, ошондой эле Түркиянын Полиция академиясынын базасында КР ИИМдин кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты.

Министр Улан Ниязбеков Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына орнотулган Айкөл Манастын эстелигине барып, муниципалитеттин мэри Тургут Алтынок менен жолугушту.

Андан соң Улан Ниязбеков дүйнөдөгү эң мыкты илимий борборлордун бири ТАДОК (TADOC) Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Түрк эл аралык академиясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган окуу борбор баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча негизги жана эксперттик түрдө изилдөө жүргүзүп, алдыңкы заманбап окуу жабдуулары менен камсыздалган.

Буга чейин Кыргызстандын жана Түркиянын Ички иштер министрликтеринин башчылары баңги каражаттарынын жайылышына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө көмөктөшүүчү ТАДОК (TADOC) окшош түрк полициясынын окуу борборун Кыргызстанда ачуу маселесин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий