• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Сулайман Сойлу менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-апрелинде Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков эки күндүк иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына барды.

КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ниязбеков түркиялык кесиптеши Сулайман Сойлу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков былтыркы Стамбул шаарында болгон алгачкы жолугушуусунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, эки элдин Ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу мамилесин кайрадан жаңы нукка түшкөн маанилүү учур катары эсептэрин белгилеп өттү. Өзгөчө өткөн жылдын аягында Кыргызстандын парламенттик шайлоо алдында кыргыз милициясына атайын автоунаа жана башка материалдык-техникалык жардам бергендиги, андан тышкары, милиция кызматкерлерин түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктери боюнча окутуп-үйрөтүүлөрдү өткөрүү сунушун колдоп, тез арада ишке ашырып бергени үчүн кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге, Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуунун өнүгүп жатканын белгиледи.

"Афганистандын учурдагы абалы, диний мүнөздөгү кылмыштары жана баңгизаттардын жайылуу коркунучу баарыбызды эле кооптондуруп турат. Бул өлкө баңгизаттарды Борбордук Азия аркылуу Европа мамлекеттерине таралышынын негизги каналы экендигин жакшы билесиздер. Буларды айтып жаткандыгымдын себеби, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен өз ара кызматташуунун алкагында жолугушуубузда, Түркиянын жардамы менен баңги жана уюшкан кылмыштуулукка, аткезчиликтин (контрабанда) бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн түрк полициясынын ТАДОК (TADOC) окуу борборуна окшогон борборду Кыргызстанда ачуу сунушу айтылган.

Мындай окуу борборунун Кыргызстанда ачылышы милиция жана башка тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүрткөн уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө дүйнөлүк тажрыйбаларды окутуп, үйрөтүү менен эле чектелбестен, аны өнүктүрүп, келечекте экстремизм, кибер кылмыштары сыяктуу трансулуттук кылмыштарга каршы күрөшүү, анын ичинде заманбап учкучсуз учуучу аппараттар жана башка жаңы технологияларды колдонууну да окуткан борбор кылып, Борбор Азия мамлекеттериндеги укук коргоо органдарынын тиешелүү кызматкерлерине да тажрыйба берүү борборуна айландыруу мүмкүнчүлүгү болмок. Мындай борборду ачуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн тиешелүү укук коргоо органдары үчүн биргеликте иш жүргүзүү, маалымат алмашуу, жаңы ыкмалар менен бөлүшүү, эл аралык кылмыштардын эрте белгилерин аныктап, алардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү эле түзүлбөстөн ортодогу кызматташуудагы жылуу мамилелери да өнүкмөк деген ойдомун”,- деди Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий