• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улан Ниязбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен парламенттеги иш бөлмөсүндө жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мустафа Шентоп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы позитивдүү карым-катнаш Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери уланып жатканын айтты.

Мустафа Шентоп Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын өнүгүшүндөгү маанисине токтолуп, парламенттер аралык карым-катнаштардын жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.

Улан Ниязбеков 23-апрель Түркиянын мамлекеттик майрамы болгон Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө карата куттуктап, терең урматын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен Кыргызстан бир тууган элдер экени айтылып, келечекке ишенимдүү экономикалык, маданий жана укук коргоо багытында мындан ары дагы ишмердүүлүктү жаны тепкичтерге көтөрүү маселелери талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий