• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улан Ниязбеков Венада ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын борбору Вена шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган конференцияда дүйнөдөгү улуттук азчылыктардын көйгөйлөрү талкууланды. Анда Улан Ниязбеков баяндоо сөзү менен чыгып, КР Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана алар менен туруктуу негизде улуттар аралык жаңжалдарга бөгөт коюу иш-аракеттери тууралуу маалымдады.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков Кыргызстандын Ички иштер министрлиги коомчулук менен, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык азчылыктардын өкүлдөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий