• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ниязбеков жол кырсыгын болтурбоо максатында тармактык жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар, коронавирус илдетине бөгөт коюу үчүн кызматкерлер арасындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы жана туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча ыкчам маселелер талкууга алынды.

Кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар боюнча негизги аткарылып жаткан иштер тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги А.Исраилов баяндама жасады.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, орун басарлары катышып, жогорудагы маселелер боюнча облустардын, шаарлардын аймагындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришип, ар бир жетекчиге онлайн чогулуштун жүрүшүндө ишмердүүлүктү жакшыртуу үчүн кошумча тапшырмалар берилди.

ИИМдеги онлайн аппараттык кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу маселеси талкууга алынып, министр жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоону, профилактикалык иштерди күчөтүүнү, айдоочулар менен эл арасында түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүүнү тапшырды.

Бул багыттарда аткарылып жаткан ар бир иш-чараны коомчулуктун терең катмарына жеткирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу боюнча иштерди жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылды.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында жети тапшырма койду:

- Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде коомдук тартипти камсыздап, укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштер күчөтүлсүн;

- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ишке ашыруу үчүн эл арасында, айрыкча айдоочулар арасында жол кырсыктарын болтурбоону пропагандалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзсүн;

- Эл аралык трассаларда, республикалык маанидеги жолдордо адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарын болтурбоо үчүн атайын рейддертынымсыз уюштурулсун;

- Борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги аймактык шайлоо комиссиялары менен тыгыз иш алып барып, ИИОнун ыйгарымына кирген уюштуруу иштери боюнча жардам көрсөтүү маселелери колго алынсын;

- Кызматкерлер шайлоо процесстерине аралашпасын, ал өзүнө гана тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарсын жана жалпы милиция саясаттан алыс экендиги ар бир кызматкерге жеткирилсин;

- Кызматкерлердин арасында эпидемиологиялык нормаларды сактоо, илдетке каршы эмдөөнү алуу маселеси биринчи жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алынсын. Эмдөөдөн атайылап өтпөй, жумуштан качуу үчүн медициналык кызматтардан атайын жараксыздыгы жөнүндөгү баракчыларды алып, милдеттерине салкын мамиле жасаган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери колго алынсын;

- Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ыкчам маалыматтар берилсин, эгерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болсо убагында төгүндөө же тактоолор өз убагында берилип турсун. Элге милициянын аткарган иштери тууралуу мезгил-мезгили менен чагылдырып турсун.

Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер ар дайым кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкуулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий