• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ниязбековдун Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуусу жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-7-8-июль аралыгында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин, ички иштер министри Улан Ниязбековдун, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин облустун жашоочулары менен жолугушуулары өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жогоруда аталган жетекчилер менен бирдикте Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушуп, алардын укук коргоо органдарына тиешелүү бардык суроо, сунуш жана көзөмөлгө ала турган жагдайларды угуп, аны чечүүнү тез арада колго ала тургандыгын убада кылып келди.

Маалыматта Жалал-Абад облусундагы жолугушуу негизинен элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп-билип жана аны чечүүгө багытталгандыгы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий