• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улан Саляновдун өлүмү боюнча экинчи шектүү кармалып, Бишкекке жеткирилди

Коом 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 22-майда кылмышка шектүү 36 жаштагы Асанэмир Абыкулов Москва шаарынан Бишкекке аба транпортундагы атыйын конвой менен алып келинген.

Азыр ал Бишкектеги №1 тергөө абагында.

Маалым болгондой, Абыкулов "Киши өлтүрүү" берени боюнча шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөн.

Ал 2018-жыл январында Москва полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлө элек болчу.

Эске салсак, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин түштүк жагындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, атып кетишкен. Үч киши кылмышка шектүү катары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий