• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген адам күнөөсүн мойнуна алды

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча иштин соттук отуруму уланды.

Прокурор соттолуучу Эрмек Осмонкуловдун Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелип жатканы айтылган күнөө коюучу жыйынтыкты окуган. Ал учурда Эрмек Осмонкулов өкүнүп, өз күнөөсүн мойнуна алды.

Ошол учурда сот залына Аида Салянованын бир нече тарапташтары кирип, соттолуучуга кол салайын дешти, бирок конвоирлер ага жол беришкен жок.

2018-жылдын сентябрь айынын башында Ички иштер министрлиги Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бардыгынын кармалгандыгын билдирген.

Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрында саат 01:30 чамасында маска жана кол кап кийген белгисиз үч адам Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан үйгө киришкен. Конок тосуучу бөлмөдө кылмышкерлер үйдүн кожоюну 1975-жылы туулган Улан Саляновго бир нече жолу ок чыгарышып, качып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам У.Салянов ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий