• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улан Сыдыков Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.10.18 /Кабар/. Улан Сыдыков Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору болуп дайындалды. Аталган буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Сыдыков 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Аң-Өстөн айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин "Статистика" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 2001-жылы Улуттук статистикалык комитетте жетектөөчү адис болуп иштөөдөн баштаган. 2003-жылдан 2011-жылга чейин Финансы министрлигинде, 2011-жылдан 2018-жылдын октябрына чейин өкмөттүн аппаратында финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий