• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү.

Ал китепте чагылгандай кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, документалдык тасмалары чечмеленип, жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан фотобаяндары камтылган. Уланбек Эгизбаев жөнүндө эсселерди, эскерүүлөрдү, фотобаяндарды да ушул китептен табууга болот.

Түзүүчүлөр бул китеп чыныгы элдик журналист болом, Уланбектин ишин улайм деген таланттуу, зирек жаштарга нускоочу, кеңешчи жана жардамчы боло алат деп ишенет.

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос - Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу аркылуу жарык көрдү.

Китептин бет ачаары 13-ноябрда саат 17.00дө “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинде өтөт.

Иш-чарага Уланбек Эгизбаевдин кесиптештери, устаттары, каармандары жана күйөрмандары чакырылды.

Эске сала кетсек, Уланбек Эгизбаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист. Ал 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий