• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уланбек Усеков билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 24-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.

“Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы - эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, - деди Байсалов.

Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий