• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткиргендерге милиция тоскоолдук жаратпайт - вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткиргендерге милиция тоскоолдук жаратпайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри, шаар боюнча коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 20:00дөн баштап коменданттык саат киргизилет.

"Эгерде жарандар улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткире турган болсо, аларга күч органдары тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче, көмөк көрсөтөбүз", - деди Алымкулов.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44гө жетти.

Алар:
-Ош облусунда – 20 учур,
-Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
-Бишкек шаары – 3 учур,
-Чүй облусунда – 1 учур,
-Баткен облусунда – 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий