• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат Улугбек Ормонов Ереван шаарында ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин депутаттары уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташуу маселелерин талкуулап, ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындатууга багытталган моделдик мыйзам актылары боюнча пикир алмашышты.

Алсак 2022-жылы Армения ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу, ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Кавказ аймагындагы аскердик-саясий абалы, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө баяндамалар угулду. Ошондой эле уюмдун алкагындагы башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча Туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян жана коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий