• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Пикир

Оставить комментарий