• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Марипов Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуунун алкагында Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий