• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов Баткен облусунун чектеш айылдарынын кагылышууда жабыркаган тургундарынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.21 /Кабар/. Премьер-министри Улукбек Марипов Баткен облусунун чектеш айылдарынын кагылышууда жабыркаган тургундарынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда жабыркаган жарандар Баткен шаарынын ооруканасында дарыланууда.

Премьер-министрге жарандардын ден-соолугунун абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен шаарынын бириккен облустук ооруканасына 144 адам кайрылган, алардын арасында жарандык жана аскер адамдары бар.

Учурда 54 адам мындан ары дарылануусу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн, 30у ооруканадан чыгарылган, ал эми 50 адам алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ар кандай жаракат алган жабыркаган 10 адам – стационарда.

«Жардамга кайрылгандарды сапаттуу дарылоо жана тийиштүү медикаменттер менен камсыздоо зарыл. Квалификациялуу жардам алууда көйгөйлөр жаралбашы тийиш», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы ошондой эле Баткен облустук мектеп-гимназиясында убактылуу жайгашкан айыл тургундары менен жолугушту.

Бүгүнкү күндө мында Баткен облусунун 144 тургуну бар, анын 96сы -балдар.

«Мен сиздердин абалды эң жакшы түшүнүп турам, анткени өзүм ушул жерде жашагам. Мындай нерсе орун албашы тийиш эле. Ондогон жарандарыбыз шейит кетти. Ким эмне дебесин, убакыт талдап, баарын өз ордуна коет. Азыр биз келечек тууралуу ойлошубуз керек. Бардык жабыркагандар компенсацияларды алат деп ишендирип кетем. Тийиштүү ведомстволор келтирилген зыяндын эсебин тактап жатат. Эч ким кароосуз калбайт. Негизгиси – сабырдуулук, провокацияга алдырбашыбыз керек. Болгон окуялар дагы бир ирет чектерибизди чыңдоо зарылдыгын далилдеди. Учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү үчүн документ даярдалууда. Мекенди жалтанбастан коргоого алган баатыр уулдарды тарбиялаган энелерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар чыныгы каармандыкты жана кайратты көрсөттү. Азыр ар бирибиз тынчсыздануудабыз, жаш-кары дебей, колдон келишинче жабыркагандарга көмөк берүүдө»,- деди Премьер-министр.

Улукбек Марипов белгилегендей, келтирилген зыян өлчөмү саналып бүтөөрү менен талкаланган жана өрттөлгөн мүлктү калыбына келтирүү иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий