• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов: Бишкек жана Ошко өрт өчүрүүчү техника сатып алуу үчүн каражат табабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек жана Ошко өрткө каршы техникаларды сатып алууга каражат таба тургандыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы Бишкек башкы архитектурадагы көчмө жыйында билдирди.

Ал бүгүнкү күндө өлкөдө бийиктиктеги өрттү өчүрүү үчүн тиешелүү техникалар жок экенин айтты.

Марипов өрт өчүрүүчү техниканын жоктугунан бизнес жабыркабашы керек деп белгиледи.

“Биз Бишкек жана Ошко бирден техника сатып алышыбыз керек. Каражатты мен табам”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий