• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улукбек Марипов COVID-19га каршы эмдөөнү кийинчерээк алат

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. КРнын премьер-министри Улукбек Мариповдун пикиринде эмдөөнү алгач тобокелдик зонасындагылар – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керек.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын башчысы Толкун Камчыбекованын айтымында, премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле вакцинага мүмкүнчүлүк алуу маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган артыкчылыктуу тартипте алат.

“Эмдөөнүн биринчи этабынан кийин оорубагандар жана кайрадан жугуштуу инфекцияга каршы иммунитетке ээ болбогон жарандар вакцина алышы керек. Мындан тышкары, премьер-министр буга чейин коронавирус илдети менен ооруган, буга байланыштуу дарыгерлердин айтымында анын иммунитети азыркы учурда өлкөнүн бардык жарандары үчүн вакцинанын көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн күтүүгө мүмкүнчүлүк берет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий