• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча өтүп жаткан экологиялык акцияга президенттин администрациясынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери парктын аймагын таштандылардан тазалады.

«Бүгүн эң сонун күн болууда. Министрлер Кабинети парктарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндой өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», – деди Улукбек Марипов.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн, мунун өзү экология жаатындагы маселелер мамлекет үчүн маанилүү экендигин айгинелейт.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы илимий-изилдөө институтунун иши менен таанышып чыкты, ошондой эле катуу турмуш-тиричилик жана кооптуу калдыктарды кайра иштетүү тармагында иштеген уюмдардын өкүлдөрү, экология жаатындагы активисттер менен жолугушту.

Улукбек Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул маселеде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле донордук уюмдардын күч-аракетин бириктирүү зарыл.

Ошондой эле ал Министрлер Кабинетинин экологиялык ишмердүүлүктү жана экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жарандык активисттердин жана волонтерлордун коомдук маанилүү демилгелерин колдоого алаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий