• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Гүлчө дарыясындагы дамбанын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясындагы дамбанын абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Совет мезгилинде курулган узундугу 3650 метрлик дамбанын 1224 метри гана жаңыланган. Суу деңгээли көтөрүлгөн учурда дамбанын оңдолбогон тилкелери жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Министрлер Кабинетинин башчысы абал менен таанышкан соң, дамбаны жаңылоо процессин тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Улукбек Марипов Гүлчө айылына барып, жалпы аянты 1520 чарчы метр эсептелген имараттын абалы менен таанышты, аны Калкты тейлөө борборуна кайрадан жабдуу пландаштырылууда.

«Бул жерде тейлөө борборун куруу идеясы кубандырат, бүгүнкү күндө калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багыт алуудабыз. Имараттын аянты көлөмдүү, андыктан анын бир бөлүгүн башка мамлекеттик органдардын муктаждыгы үчүн бөлүү сунушун колдоого алам», - деп белгиледи ал.

Улукбек Марипов ошондой эле Ош шаарындагы дренаждык насостун курулушунун жаңы долбоору менен таанышты.

Белгилей кетсек, мында мурда Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор эки ирет ишке ашырылган. Бирок учурда алар тийиштүү жыйынтык берген жок. Бүгүнкү күндө эски дренаждык насостон 2,4 км жогору жайгашкан жаңы дренаждык насостун курулушунун жаңы долбоору иштелип чыккан, ал Ош шаарынын тургундарына аба-ырайы өзгөрүүсүнөн көз карандысыз түрдө ичүүчү таза сууну берүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы долбоорду тез арада макулдашууга киргизип, курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий