• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов юстиция министри Асел Чынбаеваны кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юстиция министри Асел Чынбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Юстиция министри “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө” КР президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшүндө мамлекеттик ар бир органдын жана коомчулуктун пикирин эске алуу зарылдыгын белгиледи.

“Күчүн же актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды укуктук колдонуудан алып салуу керек. Кайталанма мыйзамдарды синхрондоштуруу зарыл. “Аракеттеги мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү боюнча иштер маанилүү аспекти болуп саналат”, – деп айтты Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана аларды санарип форматына өткөрүү маселелери талкууланды.

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында санарипти киргизүү боюнча иштерди ыкчамдатуу зарыл. Электрондук кол тамганы, электрондук нотариатты киргизүү – булар бардыгы убакытты талап кылат, бирок чечиле турган маселелер. Мамлекеттик нотариустар жөнүндө өзүнчө айта кетким келет. Бардык жерде кезек күтмөйлөр. Бул маселе токтоосуз чечүүнү талап кылат. Айрым функцияларды жеке нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү керек. Эгерде, аны кылууга мүмкүн болбосо, мамлекеттик нотариустардын штатын көбөйтүү маселесин карап көрүү кажет. Бардык реформаларда жана өзгөрүүлөрдө биз биринчи кезекте калктын жашоосун жакшыртуу жөнүндө ойлонушубуз абзел”, – деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов мыйзам долбоорлорун даярдоо жаатында аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердигин координациялоону камсыздоо жана жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн өз убагында маалымдоо маселелерин караштырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий