• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жүк ташуучу унаалардын тыгыны. Марипов казак элчиси Жошыбаев менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду.

Улукбек Марипов элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Пикир

Оставить комментарий