• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.21 /Кабар/. Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулады.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар 2021-жылы Казакстан Республикасынын аймагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий