• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Марипов: Куруучулардын жаратмандык кесиби – татаал, көп кырдуу жана чыгармачыл кесип

Өкмөт 0

Бишкек, 08.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов курулушчуларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Куруучулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө министрлер кабинетинин төрагасынын куттуктоосунун тексти берилет:

"Урматтуу куруучулар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атыман кесиптик майрамыңыздар – Куруучулар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Куруучулардын жаратмандык кесиби – татаал, көп кырдуу жана чыгармачыл кесип. Бүгүнкү күндө жогорку квалификациялуу куруучу кууш чөйрөдө гана эмес. ар тараптуу терең билимге ээ болуусу шарт, ошондо гана курулуп жаткан имараттар архитектуралык жактан өзгөчөлүккө ээ болуп, узак мөөнөттүү пайдаланууга жарактуу болот.

Жаркыраган мектеп, бала бакча, заманбап оорукана, заңгыраган үйлөр, дегеле кандай гана курулуш болбосун, ал көргөн көздү кубандырып, адамга бакыт тартуулайт.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ички дүң продукциянын структурасында салмактуу орунду ээлеген курулуш тармагында жылдан жылга ири суммадагы жумуштар аткарылууда жана миллиарддаган инвестициялар тартылууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курулушчулары дүйнөдөгү алдыңкы салттарды сактоо менен жаңы технологияларды колдонуп, келечектүү жана оригиналдуу конструктордук чечимдерди кабыл алып, жалпы системада көптөгөн социалдык объекттердин курулушун ийгиликтүү ишке ашырып жатасыздар. Кыска аралыктын ичинде салынып жаткан Баткен облусундагы курулуштар мунун айкын далили.

Урматтуу куруучулар,

Алдыда өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон, жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртууга, жаңы социалдык, инфраструктуралык жана коммерциялык обьекектилерди курууга жана оңдоого багытталган көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турат. Ал милдеттерди аткарууга сиздердин билимиңиздер жана мүмкүнчүлүгүңүздөр толук жетиштүү деп ишенем.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын!"

Пикир

Оставить комментарий