• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов куткаруучуларды Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Мариповдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу куткаруучулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизделгендигинин 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30 жыл ичинде кадрдык потенциалдын калыптануусунан, техникалык базасынын өркүндөтүлүшүнөн тарта кызматкерлери күн-түн дебей, кыйынчылыкарга жана алыс аралыкка карабастан жардам колун сунууга даяр турган маанилүү мамлекеттик орган болууга чейинки чоң жолду басып өттү.

Куткаруучу болуп калбайт, куткаруучу болуп төрөлүү керек! Бул жүрөктүн каалоосу боюнча тандалуучу саналуу кесиптердин бири. Капыстан келген кишилер мында көпкө кармалбайт.

Ар бир күнү сиздер өзүңүздөрдү адамдардын өмүрүн куткаруу, кыйынчылыкка кептелген адамга жардам колун сунуу үчүн кооптуу жагдайларга дуушар болосуздар! Ушундай кыйын абалда сиздер мыкты адамдык жана кесиптик сапаттарыңыздарды көрсөтүп, башкалар кыла албаган нерселерди аткарып, чечим чыгарасыздар. Бул сыймыктуу жана асыл иш!

Кымбаттуу достор,

Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга чын ден соолук, бакубаттуулук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Майрамыңыздар менен, куткаруучулар!».

Ар дайым чакыруудан аман-эсен кайтып келиңиздер. Майрамыңыздар менен, куткаруучулар!».

Пикир

Оставить комментарий