• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мариповдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Дүйнөдө тарых бүктөмдөрүндө калып кетпеген элдерди – түптүү эл дешет. Күчтүү элдин улуттук иденттүүлүгүн билдирген негизги белги – анын тили. ЮНЕСКОнун акыркы маалыматтары боюнча дүйнөдө 6 миңге жакын тил бар, бирок анын ичинен бир нече тилдердин жоголуп бараткандыгы дүйнө коомчулугун кабатыр кылууда. Бул себептен алганда, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө ар бир жарандын атуулдук жоопкерчилиги бекем болушу керек.

Кыргызстандын элинин саны 1991-жылы 4,5 млн болсо, бүгүнкү күндө 6,6 миллионго жетти. Демек, биз өсүү жолундабыз жана да жүрөгүбүздө патриоттук сезимдерибиз өтө күчтүү деп билебиз.

Бирок учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө 1989-жылы Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган кездеги – ошол замандын духу жетишпей турабы деп ойлойм.

Ошондуктан акын Шайлообек Дүйшеев агабыздын ошол мезгилде ураанга айланган ырларынан 1 куплет окуп бергим келип турат:

«Тил жоголбойт,

Жоголсо, жоголот дил!

Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!

Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,

Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!».

Баарыңыздарды катасыз жазып, мамлекеттик тилде мыкты сүйлөөгө жана аны санариптик технологиянын денгээлинде өркүндөтүүгө чакырам. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө ар бирибиздин салымыбыз болсун.

Анткени «Манастай» океанды жараткан күчтүү элдин бай тилин сактап калууга жана аны өнүктүрүүгө – учурдагы муун жооптуу!».

Пикир

Оставить комментарий