• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Орозо Айт майрамыңыздар куттуу болсун!

Рамазан – сабырдуулуктун, берекенин, биримдиктин, мээримдин, кайрымдуулуктун айы.

Орозо айт – көңүлдөрдү толтурган, жанды жаркыткан ыйык майрам.

Рамазан айында кылган дубаларыңыз жана жасаган жакшылыктарыңыз Жараткан тарабынан кабыл болушун чын дилимден каалайм. Жаркыраган Орозо айт майрамы биздин мекенге, ар бир үйгө кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук алып келсин".

Пикир

Оставить комментарий