• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов медицина кызматкерлери жана окумуштуулар менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов медицина кызматкерлери жана окумуштуулар менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Марипов белгилегендей, COVID-19 пандемиясы медицинанын өнүгүшүнүн өзгөчө маанисин жана улуттун саламаттыгын сактоодо медицина кызматкерлеринин ролун көрсөттү.

"Учурдан пайдаланып медицина кызматкерлерине жан аягыс жана баа жеткис эмгеги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Пандемия учурунда биз медициналык кадрлардын жетишсиздигине, медициналык мекемелерде жана лабораторияларда керектүү жабдуулардын жоктугуна туш болдук. Кыргыз Республикасынын Президенти саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен саламаттыкты сактоого 17 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүүдө. Айылдарда фельдшердик-акушердик пункттардын, аймактарда ооруканалардын курулушу жүрүп жатат, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы жаңыланууда. Быйыл медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулатылды, бул максат үчүн бюджеттен 1,8 млрд сом бөлүндү. "Кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,1 млрд сом бөлүндү", – деп айтты ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо системасын реформалоо, калкты COVID-19га каршы эмдөө, инфекциянын жайылышына каршы мындан аркы чаралар жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргызстан Эл аралык университетинин эл аралык медицина мектебинин морфологиялык корпусунун ачылышынын алкагында өттү.

Улукбек Марипов гистология, физиология, микробиология, вирусология, иммунология, биохимия жана молекулярдык биология боюнча заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берген окуу лабораторияларын, анатомиялык жана патологиялык музейлерди карады.

Уникалдуу илимий-изилдөөчү морфологиялык окуу корпусунун ачылышы студенттерге, докторанттарга, мугалимдерге, изилдөөчүлөргө илимий иштерге активдүү катышууга жана ошону менен саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берерин Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий