• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын алдында Улукбек Марипов министрлер кабинетине жаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиевди тааныштырып, ага жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча сапаттуу даярдык иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Парламенттик шайлоону уюштурууга жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү, ошондой эле тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүү зарыл», – деп белгиледи ал.

Мындан тышкары Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.

«Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү керек. Ошондой эле күйүүчү майга тийиштүү учурдагы маселелерди чечүү жана тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мамлекет башчынын Жарлыктарында көрсөтүлгөн максат жана милдеттерди өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө ишке ашыруу зарыл экендигин министрлер кабинетинин төрагасы баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий