• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов Ош облусунун Араван районундагы дыйкандар менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Аграрийлерди колдоо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маанилүү милдеттеринин бири. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусунун Араван районундагы дыйкандар менен жолугушууда айтты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Бүгүнкү күндө башкы маселелердин бири – бул ата мекендик рыноктогу импорттук продукциянын үлүшүнүн көптүгү. Өсүмдүк майын, кумшекерди биз ташып келебиз, жада калса ширелерди тыштан сатып алабыз, ошол эле учурда жергиликтүү алмалар чирип жатат. Жергиликтүү өндүрүштөгү өндүрүмдөрдү көп колдонуу керек. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн да сезилерлик колдоо. Келечектүү карай турган болсок, бул дыйкандардын суроо-талап бар өсүмдүктөрдү өстүрүүсүнө алып келет. Мындай кырдаалда өлкө Өкмөтүнүн башка милдети – элеттик эмгекчилерди жакшы үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси келип чыгат. Мен көрдүм, бизде үрөн жакшы экен. Жер семирткичтер тууралуу айтсак, мен Өзбекстан Республикасынын Өкмөт башчысы менен сүйлөштүм жана биз жеткиликтүү баадагы жер семирткичтерди ташуу тууралуу макулдаштык», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы дизелдик отун маселесин көтөрдү.

«Акыркы мезгилде бензиндин жана дизелдик отундун баасы бир канча өстү. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Баалардын кескин жогорулашынын алдын алуу үчүн биз мунай өндүрүмдөрүн мамлекеттен тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салдык», – деди ал.

Премьер-министр алдыдагы жергиликтүү кеңешке шайлоо темасына да токтолду.

«Ушул тандоодон өлкөнүн мындан аркы келечеги көз каранды экендигин бүгүнкү күнү ар бирибиз түшүнүп турабыз. Ошондуктан акыл калчап тандоо жасоо кажет. Сиздер дээрлик ар бир талапкерди таанысаңыздар керек. Ошондуктан куру убадаларга ишенбеңиздер, элдин бакубатчылыгы үчүн чындап иштөөгө даяр адамдарды шайлаңыздар», - деп жыйынтыктады ал.

Улукбек Марипов жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керектигин дагы бир ирет белгилеп өттү.

Премьер-министр иш сапарынын жүрүшүндө ошондой эле Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплекси менен таанышты.

Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологияларын жана күнөскана комплексинде киргизилип жаткан жаңыча ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Дыйкандар жергиликтүү тургундардын иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзгөн күнөскана комплекси жакынкы айылдардын жашоочулары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү шарттаганын айтышты.

Улукбек Марипов дыйкандарды колдоо мультипликативдик натыйжа берип, аймактардын өнүгүшүнө салым кошушу керектигин баса белгиледи.

Анын айтымында, Өкмөт дыйкандарга жана айыл чарба тармагында иштеген чарбалык субъектилерге жеңилдетилген насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн каражат издөө менен тармакты колдоо чараларын мындан ары да күчөтөт.

Пикир

Оставить комментарий